Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Ташиев аксылыктар менен жолукту


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев эл менен жолугушууларын улантууда. 3-октябрда ал Оштун Кара-Кулжасында болгон. Бүгүн Жалал-Абаддын Аксы районуна барды. Ал эми жакында Оштун Алайына бармакча.

Бүгүн Аксынын “Алтын казык” аттуу кинотеатрынын алдына жыйналган адамдар
Ташиевге райондогу аныктала
элек чек ара, Үңкүр-Тоо, нечен жылдан бери бүтпөй келаткан Иринжит каналын ишке кийирүү жана жергиликтүү социалдык маселелерди чечүү тууралу суроолорун беришти. Ташиев менен бирге “Ата-Журт” партиясынан дагы эки депутатты актаган Бишкек шаардык сотунун судьяларынын мындан аркы тагдырына кызыгышты. Камчыбек Ташиев Үңкүр-Тоо маселеси эки өлкөнүн президенттеринин деңгээлинде кыргыз тарабынын пайдасына чечилүүсү
абзел, Иринжит каналын ал депутат чагында эки ирет бюджетке
киргизгендигин, мындан ары депутат болсо да,болбосо да аны бүтүрүүгө
күч үрөй бере тургандыгын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG