Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Нобел сыйлыгына татыган медициналык эмгектин мааниси


Нобелдин медицина жаатындагы сыйлыгы америкалык окумуштуулар Жеймс Ротман, Рэнди Шекман жана Томас Зюдхофко ыйгарылды. Алардын илимий ачылышынын мааниси тууралуу Стокольмдогу Каролин институтунун алдындагы балдар онкологиясы клиникасынын профессору Ян-Инге Хентер:

- Бул керемет ачылыш адамдын денеси, ошондой эле нерв системасы сыяктуу түрдүү органдардын иштөөсүн, кант диабетин жана иммундук илдеттерди түшүнүүбүз үчүн маанилүү,-деп билдирди.

Нобел сыйлыктарын ыйгаруу сезону жыл сайын медицина тармагынан башталат. Жума күнү Нобелдин тынчтык сыйлыгынын жаңы лауреаты аталат. Ага эң чоң талапкер деп пакистандык кыздардын билим алуу укугу үчүн күрөшкөн Малала Юсафзай аталууда. Малаланы өткөн жылы талибдер башка атып кетип, анын өмүрүн британ хирургдары сактап калган.

Быйыл жеңүүчүлөр 1, 2 миллион АКШ долларын алат. Сыйлык 1895-жылы швециялык ишкер Альфред Нобел тарабынан негизделген.

XS
SM
MD
LG