Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Каптагаев бошотулуп иш бөлмөсүнө барды


Бул тууралуу облустук администрациянын маалымат катчысы Назира Муканбетова “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев митингчилерди кууп таркатуу башталары менен бошотулган.

Аймактагы кабарчыбыздын маалыматы боюнча, ушул тапта таш менен куралданган митингчилер кайрадан аянтты көздөй качырып жатышат. Аларды милиция катуу үн чыгаруучу жана көздөн жаш агызуучу шашкалар менен тосуп алууда. Митингчилер жолдорду автоунаа өтө алгыс кылып тосуп жатышат. (MK/ZKo)

XS
SM
MD
LG