Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

Наргозуев: Караколдогу митингге биздин кыймылдын тиешеси жок


“Бийликти узурпациялоого каршылык көрсөтүү кыймылынын” Караколдогу митингине такыр тиешеси жок, ар кайсы маалымат каражаттары аркылуу анын артында биздин кыймыл турат деп жаманатты кылуу – бийликтин иши”,- деп билдирди кыймылдын жетекчилеринин бири Бегалы Наргозуев “Азаттыкка”. Ал Караколдогу митингге байлоо менен бийлик кыймылдын 10-октябрда Таласта өтө турган митингине бут тосуп, болтурбай коюу аракетин жүргүзүп жатат деп эсептейт.

Караколдо бийлик өкүлүн барымтага алуу менен коштолгон митинг тууралуу пикирин билдирген Наргозуев митингге эл бийликтин жөндөмсүздүгүнөн улам айласы кеткенде чыгып, талап коюп жатышат деп айтты.

Айрым маалымат каражаттары 7-октябрдагы Караколдо болгон митингдин артында “Бийликти узурпациялоого каршылык көрсөтүү кыймылы, анын жетекчилери Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев жана экс-депутат Садыр Жапаров турат деп жазып чыгышкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG