Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Караколдо кырдаал тынч


Аймактык кабарчыбыздын маалыматы боюнча, ушул тапта шаар өз турмушу менен жашоодо. Мектептерде жана окуу жайларында сабактар башталып, дүкөн-базарлар ишке киришүүдө. Облустук милиция түн ичинде талап-тоноо жана башка башаламандыктар катталбаганын “Азаттыкка” билдирди. Түн ичинде шаардагы ишкана, дүкөн сыяктуу менчиктерин жеке ишкерлер да кайтарып чыгышкан.

Кумтөр алтын кенин мындан ары иштетүү боюнча канадалык "Центерра" компаниясы менен жаңы биргелешкен ишкана түзүү тууралуу кыргыз өкмөтү менен меморандумга каршылык митинги Караколдун борбордук аянтында кечээ эртең менен башталган. Түштөн кийин митингчилерге жолугушууга чыккан КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди митингчилер курчоого алып, автоунаага отургузуп коюшкан. Кечки саат тогузга чукул милиция митингчилерди кууп таратып, Каптагаевди бошоткон.(MK/ZKo)

XS
SM
MD
LG