Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:56

Жети-Өгүздүн милиция башчысына кол салуу болду


Жети-Өгүз районунун милиция башчысы Калыс Жудеевге митингчилер тарабынан кол салуу болду. Бул маалыматты "Азаттыкка" ички иштер министринин биринчи орун басары Бакытбек Жусубалиев тастыктады. Анын айтымында, Саруу айылында учурда 30дай киши чогулуп турат, жалпысынан абал тынч.

Кечээ Саруу айылынан 50-60 атчан киши Караколдун борбордук аянтында Кумтөрдүн азыркыдай шартта иштетилишине каршы митингге чыккан. Бул нааразылык акциясы учурунда өкмөттүн өкүлү Эмилбек Каптагаев барымтага алынып, аянтта башаламандык чыккан. Милиция чогулган элди күч менен таркатууга мажбур болуп, 23 кишини кармап кеткен. (BkA/RK)
XS
SM
MD
LG