Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14
Сарууда митингдин катышуучулары желекти көтөрүп айланып жүрүшөт. 9-октябрь, 2013-жыл
Сарууда митингдин катышуучулары желекти көтөрүп айланып жүрүшөт. 9-октябрь, 2013-жыл

LIVE: Саруудагы кырдаал

Кечээ Көлдүн Саруу айылында жол тосуу менен коштолгон каршылык акциясынын катышуучулары Кумтөр боюнча меморандумга каршы экенин билдиришкен. Бүгүн Кумтөр маселеси Жогорку Кеңеште каралып жатат. Ушу тапта Сарууда чогулгандардын саны азайганы маалым болду.

10:59 8.10.2013
Жети-Өгүздүн Саруу айылынын Маданият үйүнүн алдына эл чогулууда. Кечээ Караколдогу митингден кийин кармалгандардын арасында саруулуктар да бар. 7-октябрда "Кумтөр элдин колуна өтсүн" деген талап менен митингге чогулгандар өкмөттүн өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алган. Күч колдонулгандан кийин гана Каптагаев бошотулуп, тынчтык орногон.
Караколдогу митинг: 07.10.2013

Караколдогу митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00
Губернатор Э.Каптагаев митингчилер менен жолугушууда: 07.10.2013

Каптагаев митингчилер менен жолукту
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:35 0:00
11:00 8.10.2013
Караколдогу митингден кийин кармалган 23 киши Бишкекке жеткирилди. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө изоляторунда кармалмакчы.

Ысык-Көл облустук прокуратура 7-октябрдагы митингдеги мыйзам бузуулар: бийлик өкүлүн барымтага алуу, ээнбаштык, өлтүрөм деп коркутуу менен зомбулук кылуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон болчу. Прокуратуранын маалыматы боюнча иликтөө иштери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин облустук башкармалыгына тапшырылды.
Өкмөттүн өкүлү Эмилбек Каптагаев Ысык-Көл облустук телеканалдын түз эфиринде сүйлөдү:
11:00 8.10.2013
Жети-Өгүз районунун милиция башчысы Калыс Жудеевге митингчилер тарабынан кол салуу болду. Бул маалыматты "Азаттыкка" ички иштер министринин биринчи орун басары Бакытбек Жусубалиев тастыктады. Анын айтымында, Саруу айылында учурда 30дай киши чогулуп турат. Жалпысынан абал тынч.

Кечээ Саруу айылынан 50-60 атчан киши Караколдун борбордук аянтында Кумтөрдүн азыркыдай шартта иштетилишине каршы митингге чыккан. Бул нааразылык акциясы учурунда өкмөттүн өкүлү Эмилбек Каптагаев барымтага алынып, аянтта башаламандык чыккан. Милиция чогулган элди күч менен таркатууга мажбур болуп, 23 кишини кармап кетти.
11:47 8.10.2013
Каракол шаарындагы кечээки митингден улам облустук биргелешкен ооруканага 10 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Алардын алтоо анча оор болбогондуктан амбулатордук жардам алып кетти. Ал эми калган төртөө оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылды. Алар мээси чайкалып, көк-ала, тытынды болгондор. Медиктердин айтымында, абалы орто, баары керектүү дары-дармек менен камсыз болушкан.
Ысык-Көл облустук милициясынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, ооруканага кайрылгандардын бешөө милиция кызматкерлери болчу, азыр ооруканада калгандары экөө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG