Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Атамбаев: Айрым саясый күчтөрдүн элди алдоосуна жол бербеш керек


Караколдогу кечээки окуяга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн күч органдарынын жетекчилери менен жолугуп, кырдаалды талкуулады. Күч кызматкерлери абал жөнгө салынганын айтышты. Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Атамбаев күч органдарынын ар бир кадамы мыйзам чегинде болуп, тергөө объективдүү жүргүзүлүп, тартип бузуунун уюштуруучулары менен катышуучулары жоопко тартылышы керектигин айтты.Айрым саясый күчтөрдүн элди алдап, мыйзамсыз иштерге түртүшүнө жол бербеш керек деген талап койду.

"Айрым топтор жана алардын артында турган саясатчылар өлкөдө өз шарты менен кызыкчылыгын таңуулоосуна жол бербеш керек. Кыргызстанда туруктуулук менен тартип болушу зарыл", - деди Атамбаев.

Кечээ Караколдо Кумтөргө байланыштуу 300дөй киши чогулуп, өкмөттүн өкүлүн барымтага алган. Акция башаламандык менен коштолгондуктан милиция чогулгандарды күч менен тараткан. (RK)

XS
SM
MD
LG