Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:45

Кулов: Митингге чыккандар сабырсыздык кылууда


Бул тууралуу «Азаттыкка» "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов билдирди. Анын айтымында, парламент кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөрдү иштетүү боюнча меморандумун шаршембиде талкуулоону улантат. Анда депутаттардын басымдуу көпчүлүгү бул меморандумду кабыл алууга каршы чыгууда. Учурдагы сунушталган меморандум кабыл алынышы деле күмөн. "Жети-Өгүздүн тургундары Кумтөр маселеси боюнча митинг уюштуруп, айрым мыйзамсыз аракетке барбай, парламенттин чечимин күтүп турушу керек болчу",- деген пикирин билдирди Кулов.

Кечээ Караколдо Кумтөргө байланыштуу 300дөй киши чогулуп, өкмөттүн өкүлүн барымтага алган. Алар өкмөттүн Кумтөр боюнча сунуштаган меморандумун жокко чыгарууну талап кылышкан. Акция башаламандык менен коштолгондуктан милиция чогулгандарды күч менен тараткан. Бүгүн да Жети-Өгүздүн Саруу айылында 400гө жакын киши чогулуп, Каракол-Бишкек жолун буушту.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG