Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Мамытов: Жети-Өгүздө абал оор


Жети-Өгүз районунда абал оор. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Ал Саруу айылында жолду бууп турган жаштарды сабырдуулукка үндөп, Кумтөр боюнча коюлуп жаткан талаптардын аргументтелиши керектигин айтты. Митингчилердин азыркы аракетин мыйзам бузуу деп баалады. Токон Мамытовдун айтымында Саруу айылынын четинде аңтарылып, дөңгөлөгү өрттөлүп жаткан жеңил машина тартип коргоо органдарына таандык. Ал ошондой эле бүгүн эртең менен Саруу айылында чогула баштаган элди тынчытканы барган Жети-Өгүз райондук милиция башчысы Калыс Жудеевге кол салуу болгонун тастыктады. (RK)

XS
SM
MD
LG