Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Саруу: Митингчилер менен сүйлөшүү натыйжасыз аяктады


Саруу айылында митингчилер менен район жетекчилигинин сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктады. Кабарчыбыздын айтымында, жолду бууп тургандар кечээ кармалган 23 кишини жана буга чейин Кумтөрдү иштеткен инвестордон акча сурады деп кармалган эки кишини бошотууну талап кылды. Бирок сүйлөшүүгө барган Жети-Өгүз районунун акиминин милдетин аткаруучу Беккубат Иманкожоев бул талапты аткаруу анын ыйгарым укугуна кирбесин айтты. Иманкожоев жана аны менен барган 20 чакты киши кайра Кызыл-Сууга жөнөп кетти. Алардын кетишине митингчилерден эч ким тоскоол кылган жок. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG