Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Мамытов: Караколдо кармалгандарды өкмөт бошотпойт


Кармалган митингчилерди өкмөт бошотпойт, бул маселени тергөө жана сот органдары чечет. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Кечээ Караколдо Кумтөрдүн улутташтырылышын талап кылган 300дөй кишинин митинги башаламандыкка айланып, өкмөт өкүлү барымтага алынган болчу. Милиция күч колдонуп, 23 кишини кармап кеткен. Ал эми августтун этегинде Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары Эрмек Курманов менен Бактияр Жунушбаев “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын өкүлү Дуглас Гриерден ири суммадагы акча талап кылды деген айып менен УКМКнын тергөө абагына камалган. Бүгүн Саруу айылынын 200дөй тургуну жол бууп, район жетекчилигине жогоруда айтылгандарды бошотууну жана Кумтөр боюнча меморандумду жокко чыгарууну талап кылды. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG