Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

HRW Орусияны этникалык беш өзбекти Кыргызстанга бербөөгө чакырды


Мындай чакырык адам укугун коргоочу эл аралык уюмдун билдирүүсүндө айтылат. “Хьюман Райтс Уочт” белгилегендей, учурда апелляциялык арыздары Орусиянын сотторунда каралып жаткан этникалык беш өзбек Кыргызстанга өткөрүлүп берилсе, алардын кыйноого жана катаал мамилеге кабылуу тобокелчилиги жогору. Кыргызстан Орусиядан аларды экстрадициялоону 2010-жылдын июнь айындагы улут аралык кагылыштын учурундагы кыянатчылыктар боюнча козголгон кылмыш иштерге байланыштуу суранган.

“Хьюман Райтс Уочтун” маалыматына караганда, Орусиянын Башкы прокуратурасынын 35 жаштагы Батыр Тургуновду экстрадициялоо чечимине каршы берилген апелляцияны Санкт-Петербургдун шаардык соту бүгүн кароодо. Ал эми Татарстандын Жогорку Соту 25 жаштагы Вохид Алиевдин апелляциясын эртең, 9-октябрда, Приморск крайдык соту 52 жаштагы Набид Абдуллаевдин апелляциясын 18-октябрда, Санкт-Петербург шаардык соту 25 жаштагы Миродил Тожибаевдин апелляциясын 23-октябрда кароосу керек. Орусия Башкы прокуратурасынын 19 жаштагы Абдилазиз Хамракуловду экстрадициялоо чечимин Москва шаардык соту колдогон. Ал апелляциялык арыз менен Орусия Жогорку сотуна кайрылган.

Орусиянын укук коргоо органдары бул беш этникалык өзбектин бирөөсүн былтыр октябрда, экөөсүн быйыл январда Москва менен Санкт-Петербургдан, дагы экөөсүн быйыл мартта Владивосток шаарынан кармаган.

Алардын төртөөсү Орусияга 2010-жылдын июнундагы кагылыштардын артынан дароо, ал эми бирөөсү 2012-жылы келген. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG