Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:19

Баткен: чек арадагы соодагерлер нааразы


Баткенде чек арадагы соодагерлер орунсуз текшерүүлөргө нааразы. Бул тууралуу Кадамжай районунун Халмион айылындагы Өзбекстан менен чек аралаш аймактагы «Баяман баатыр» базарынан «Азаттыкка» билдиришти.

Базар жетекчиси Умсунай Эркинбаева аталган соода жайын жергиликтүү күч кызматтары ай сайын эле текшерүүгө алып, кошуна өлкөлөрдөн келген кардарларды кыйнап жатканын, бул жерде иштеп жаткан 2 миңдей соодагер буга нааразы экенин айтууда. Анын айтымында, 80 пайызга чейинки кардарлар Өзбекстан жана Тажикстандан келишет. Күч кызматтарынын улам эле текшере беришинен кардарлар азайып, соода солгундаган. Базар жетекчилиги жергиликтүү бийлик бул көйгөйдү чечпесе, ишкерлер жакынкы күндөрү өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн астына нааразылык акциясына чыгышарын да кошумчалады.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Мамажан Бердишов аталган базардан расмий кайрылуу болбогонун билдирип, эгер соодагерлердин тынчын алган мыйзамсыз текшерүүлөр жүрүп жаткан болсо, чара көрүлөрүн «Азаттыкка» билдирди. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG