Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:11

ЖК депутаты премьер-министрдин кызматтан кетүүсүн талап кылды


“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Эркинбек Алымбеков Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурун бошотулуусуна байланыштуу депутаттык токтомдун аткарылбаганына өкмөт башчыны айыптуу деп билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн өзү жетектеген Адам укуктары, Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында билдирди. Алымбеков Батукаевдин бошотулуусуна “салым кошкон” бардык жетекчи кызматкерлер, анын ичинде Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев баш болуп, кызматынан четтетилип, кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиштигин айтты. Комитет төрагасы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевди кызматынан кетирүү маселесин парламент өзүнчө кароого тийиш деп билдирди.

Комитеттин отурумуна катышып отурган вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашов Башкы прокуратура Батукаевдин бошотулуусу боюнча иликтөө иштерин бүтмөйүнчө өкмөт өз алдынча чара көрө албай тургандыгын билдирди.

Кылмыш дүйнөсүнүн анабашы атыккан Азиз Батукаев быйыл жазында ден соолугуна байланыштуу деген себеп менен Нарын түрмөсүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Бул иш боюнча иликтөө жүргүзгөн депутаттык комиссия аны бошотуп жиберген өкмөт мүчөлөрүн кызматтан алып, жоопкерчиликке тартуу тууралуу токтом кабыл алган. Алардын ичинен мурунку вице-премьер-министр Шамил Атаханов кызматынан өз эрки менен баш тарткан, ал эми Акыйкатчы Турсунбек Акунду парламент өзүнүн токтому менен кызматтан алган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG