Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

ЖК Кумтөр боюнча өкмөттүн меморандумун карайт


Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча канадалык “Центерра” компаниясы менен биргелешкен ишкана түзүү тууралуу кыргыз өкмөтүнүн меморандумун парламент бүгүн талкуулайт. Парламент Кумтөр маселесине келгенде өкмөт теңата сүйлөшө алган жок деп айыптоодо.

Кечээ Жогорку Кеңештеги Адам укуктары, Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети Кумтөр маселесинде алсыздык кылганы үчүн өкмөттү кызматтан кетирүү талабын коюу тууралуу чечим кабыл алды.

27-сентябрда бул маселе Жогорку Кеңештеги коомдук угууда талкууланып, депутаттар өкмөт жетишкен “Кумтөр” меморандумуна каршы чыгышкан.
9-сентябрда өкмөт канадалык инвестор "Центерра Голд" менен меморандум кабыл алып, алтын казып алуучу 50/50 үлүштөгү жаңы ишкана түзүү сунушун иштеп чыккан болчу. Жаңы ишкана Кыргызстанга катталмак.

Парламент Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшүн 2003-жылга чейинки 67 пайыздык чекке жеткирүүнү жана 2003-2009-жылдардагы келишимдер коррупциялык жол менен түзүлгөнү үчүн жокко чыгарылууга тийиш деген талап коюшкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG