Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Атамбаев: Кумтөрдү улутташтыруу мүмкүн эмес


Кумтөрдү улутташтыруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн айыл-чарба техникасын тапшыруу иш-чарасы учурунда президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Мамлекет башчынын пикиринде, Кумтөрдүн тегерегинде ызы-чуу чыгарып жаткан күчтөр жеке кызыкчылыгын көздөөдө. "Алар Кумтөргө байлап парламентти таратып, бийликке өзүлөрү келүүнү каалап жатат", - деди Атамбаев.

Кыргыз өкмөтү канадалык инвестор "Центарра голд" менен Кумтөр алтын кенин жаңы шартта иштетүү максатында меморандум кабыл алган. Өкмөт жаңы шарт Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу экенин айтып жатат, бирок оппоненттер буга каршы болууда. Каракол менен Жети-Өгүздүн Саруу айылында Кумтөрдүн улутташтырылышын талап кылган митингдер бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук менен коштолду. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG