Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:40

Кумтөр боюнча эки адамга Интерпол аркылуу издөө салынды


Кумтөр боюнча мурдагы башкы аткаминерлерден эки адамга сыртынан айып угузулган. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатат Баш прокурор Аида Салянова билдирди. Анын айтымында, Айдар Акаев менен Николай Танаевге айыбы сыртынан угузулуп, аларга Интерпол аркылуу издөө салынды. Жалпысынан Кумтөр боюнча инвестор менен макулдашууларды түзүүдө өлкөнүн кызыкчылыгына шек келтирди деген айып боюнча 9 кылмыш иш козголгон. Парламент бул маселе боюнча өзүнчө депутаттык комиссиясын түзүп, анын отчетунда айыптуулар катары мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев да көрсөтүлгөн болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG