Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:46

Жалал-Абад: Жарылуудан жабыркаган бир адам реанимацияда


Жалал-Абадда жарылуудан жабыркаган беш кишинин бирөө азыр реанимацияда. Бул тууралуу "Азаттыкка" саламаттыкты сактоонун облустагы координатору Маматжан Миянов билдирди. Анын айтымында, жабыркаган беш кишинин төртөөнүн абалы жакшы, ал эми реанимацияга түшкөн бир кишинин денесинин 30 проценти күйүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, бүгүн эртең мененки саат 10го жакын шаардын борбордук базарынын жанындагы "Дастаркон" дүкөнүнүн ичинде гамбургер сатылчу жайда газ баллон жарылды. (YA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG