Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Азербайжанда президентти шайлашууда


Азербайжанда президенттик шайлоо өтүүдө. Бюллетендерге 10 талапкердин ысымы киргизилген. Үчүнчү мөөнөт үчүн ат салышып жаткан Илхам Алиев шайлоодо жеңет деп күтүлүүдө. 2009-жылы Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, бир эле кишинин бир нече жолу президенттикке шайланышына жол ачылган.

Оппозициянын биргелешкен талапкери Жамил Хасанлынын колдоочулары бийликти коррупция жана адам укуктарын бузгандыгы үчүн айыпташууда. Ал эми мамлекет башчынын жактоочулары экономиканын өсүшү Алиевди кайра шайлаш керектигин көрсөтүүдө дешет.

Шайлоо укугуна Азербайжанда 5 миллиондой киши ээ.

Укук коргоо уюмдары шайлоо алдында оппоненттердин апазын басуу үчүн өлкө бийлиги көз карандысыз прессага кысым көргөзүп, журналисттерди камакка алганын сындап келишкен.

XS
SM
MD
LG