Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

АКШ Египетке жардам берилбейт деген маалыматты төгүндөдү


Ак үй АКШ Египетке аскерий жардам берүүнү токтотууну пландап жатат деген маалыматтар чындыкка коошпойт деп билдирди. Улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Кэтлин Хайден жасаган билдирүүгө ылайык, президент Барак Обаманын администрациясы Египетке берилчү жардамдын келечегин жакынкы күндөрү жарыяламакчы.

Обама сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөндө Вашингтон Египетке жардамын уланта берээрин так айткан, - деп кошумчалады Хайден.

3-июлда армия президент Мухамед Мурсини бийликтен кулаткандан кийин АКШ жардам маселесин кайра карап чыгууну чечкен. Египеттеги стабилдүүлүктү камсыздоо максатында Вашингтон жылына 1 миллиард доллардан көп каражат берип келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG