Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Жапаров: Кумтөрдөн 271 тонна алтын өндүрүлдү


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Кыргызалтын” ишканасынын төрагасы Дилгер Жапаров билдирди. Анын айтымында, 1997-жылдан 2012-жылга чейин Кумтөр кенинен 271 тонна алтын өндүрүлгөн. Баасы 5 миллиард 394 миллион АКШ долларын түзгөн. Анын 2 миллард 154 миллион доллары Кыргызстандын бюджетине түшкөн.

Бүгүн Жогорку Кеңеш кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумун талкуулап жатат. Бул меморандумда жазылган сунуш боюнча эки тарап 50 пайыздан үлүшкө ээ болгон ишкана түзүп, ага Кыргызстан жетекчилик кылмакчы. Буга чейин парламенттеги айрым фракциялар аталган меморандумду жактырбай койгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG