Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:41

ӨКМ: Жалал-Абаддагы жарылууга эреже бузуу себеп болгон


Жалал-Абад шаарындагы бүгүнкү жарылууга газ жабдууларын пайдалануудагы эреже бузуу себеп болгон. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, жабыркагандардын көрсөтмөсүнө ылайык, эки киши газ баллонду жертөлөдөн көтөрүп чыгып келатканда колунан түшүрүп алган. Баллондун редуктору тепкичке тийип сынып кеткендиктен чыккан газ жарылууга алып келген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин соңку маалыматы боюнча, жабыркагандардын саны 7ге жетти. Баары шаардык оорукананын реанимациясында жатат. Абалы жана алган жараатынын деңгээли такталууда.

Бүгүн эртең менен Жалал-Абад шаарынын Нагима Айтматова көчөсүндө жайгашкан «Ысмайыл-Ата» соода борборунун имаратындагы «Dine» гамбургер даярдоочу жайында жарылуу болду. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG