Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча меморандумду кароону эртең улантат


Бүгүн Жогорку Кеңеш кыргыз өкмөтү менен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумду талкуулады. Депутаттардын өкмөт мүчөлөрүнө суроолору көп болгондуктан бүгүн талкуу бүтпөй калды, эртең дагы уланмай болду.

Бүгүнкү жыйын жүрүшүндө добуш берүүгө эки токтомдун долбоору сунушталды. Биринчиси - Жогорку Кеңештеги Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети иштеп чыккан өкмөттү отставкага кетирүү чечими. Аталган комитет шейшембиде Кумтөр маселесинде алсыздык кылганы үчүн өкмөттү кызматтан кетирүү талабын коюу тууралуу чечим кабыл алган болчу. Ал эми “Ата Журт” фракциясы сунуштаган токтомдо Кумтөр боюнча келишимди денонсациялоо каралган.

Кыргыз өкмөтү канадалык инвестор "Центерра" менен меморандум кабыл алып, Кумтөрдү мындан ары иштетүү үчүн жаңы биргелешкен ишкана түзүүнү көздөп жатат. Максат - ишканадагы үлүштү 50 пайыз кылып, түшкөн кирешенин үстүнөн көзөмөлдү өз колуна алуу. Азырынча кыргыз тарап 30 гана пайыз үлүшкө ээ жана кирешеге көзөмөл укугу жок. Бирок бул меморандум Кыргызстанда толук колдоо таппай жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG