Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:41

Азербайжанда шайлоо аяктады


Азербайжан президенти Ильхам Алиев бүгүнкү шайлоону жеңди көрүнөт. Добуш берүүдөн кийинки бир катар сурамжылоолорго караганда, ал добуштардын 81-84 процентин алды. Оппозиция болсо шайлоодо массалык бурмалоолор болгонун ырастоодо. Оппозициянын бирдиктүү талапкери Жамил Хасанлы 8 процент менен экинчи орунду ээледи. Бүгүн ал билдирүү жасап, массалык бурмалоолор элдин шайлоо укугун одоно бузуу болуп саналаарын айткан.

Европа Кеңешинин Парламенттик ассамбелясынын байкоочу миссиясынын өкүлдөрү мыйзам бузууларды көрбөгөнүн айтышкан. Бирок опопзиция интерентте пайда болгон бир катар видеолорго шитлеме жасап, бюллетендерди тобу менен таштоо, бир нече жолу добуш берүү фактылары катталганын айтууда.

Бийликти атасынан мурастап алган Алиев Азербайжанды 2003-жылдан бери башкарып келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG