Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Илхам Алиев өзүнө 3-ирет ишеним арткандарга ыраазылык билдирди


Ал ыраазылык сөзүн 9-октябрда өткөн шайлоолордун расмий жыйынтыгы боюнча 85% добуш менен жеңишке жеткенден кийин айтты:

- Менин кымбаттуу мекендештерим, айымдар жана мырзалар! Мен азербайжан элине мага үчүнчү ирет өлкөнүн келечегин ишенип тапшырганы үчүн ыраазылык билдирем. Мен өз мекендештеримдин алдында таазим кылам жана элим үчүн чоң жоопкерчилик менен кызмат кылууну улантам, Азербайжан мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн тикемен тик турууга даярдыгымды билдирем.

Ал эми анын башкы атаандашы – оппозициялык талапкер Жамил Хасанли 5% добуш алганы айтылууда. Хасанли шаршембиде жасаган билдирүүсүндө, президенттик шайлоо мыйзам бузуулар жана бурмалоолор менен өтүп жатканын айткан.

Азербайжандагы президенттик шайлоо тууралуу пикирин ЕККУнун байкоочулары бейшембиде билдиришет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG