Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Депутат Исаков: Соттор кеңешин таркатуу керек


“Ата-Журт” партиясынын үч депутатын актаган эки судьяны иштен бошотпоо керек. Мындай билдирүү парламенттин бүгүнкү жыйынында депутаттар Равшан Жээнбеков менен Исмаил Исаков тараптан айтылып чыкты.

Депутат Исмаил Исаков президентти судьяларды иштен бошотуу тууралуу жарлыкка кол койбоого чакырып, соттор кеңешин таркатуу демилгесин көтөрдү.

- Булар мыйзам чегинде чечим чыгарды. Аларды жыйырма жылга соттогонго шарт да, күнөөсү да, берене да жок эле. Эми Соттор кеңешин таркатуунун жолун издешибиз керек,-деди Исмаил Исаков.

Буга чейин Соттор кеңеши "Ата-Журт" фракциясынын үч депутатын актаган Бишкек шаардык сотунун эки судьясы - Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев мөөнөтүнөн мурда кызматынан алынышы керек деген чечим чыгарган. Чечим президенттин колу коюлгандан тарта күчүнө кирет.

Биринчи Май райондук соту Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду былтыр октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен соттогон. Бирок кийин шаардык соттун судьялары Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев ал өкүмдү жокко чыгарып, депутаттарды актап чыгарган. Ал эми Жогорку Сот кайрадан райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырып, Зулушев менен Сатиев боюнча маселени Соттор кеңешине кароого сунуштаган. Үч депутат соттолгону үчүн мандатынан айрылды. (ST)

XS
SM
MD
LG