Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:18

ЖККУ Ооганстанда мүмкүн болчу терс окуялардын баарына даяр


Жамааттык коопсуздук келишим уюму Ооганстандан эл аралык күчтөр чыгарылып кеткенден кийин мүмкүн болчу терс окуялардын баарына даяр. бул тууралуу бүгүн Бишкекте Ооганстан боюнча өтүп жаткан эл аралык конференцияда ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа билдирди:

- Баары Ооганстандагы абалды татаал деп айтышат. ЖККУ да бул өлкөдө болуп жаткан процесстерге олуттуу карап жатат. Биз Ооганстанда мүмкүн болуучу терс окуялардын баарына даярдык көрүүдөбүз . Изилдөөлөрдү жүргүзүп, божомолдорду кылып жатабыз. Аймактык коопсуздук үчүн Тажикстандын чек арасын бекемдөө боюнча да чечим кабыл алдык.

Бүгүнкү конференцияда 2014-жылы Ооганстандан коопсуздукту камсыздоо боюнча эл аралык күчтөр чыгарылгандан кийинки Борбор Азия мамлекеттерине тийгизүүчү коркунчутар боюнча талкуу болууда.

Ага ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа, БУУнун атайын өкүлү Мирослав Енча баштаган эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү, чет элдик жана жергиликтүү эксперттер катышып жатат. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG