Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Жээнбеков: Мыйзам бузган митингчилер аёсуз жазаланышы керек


Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков мыйзам бузган митингчилерди аёсуз жазалаш керек деген пикирде. Бүгүн парламент жыйынында ал:

- Ишканаларды басып алуу, кызматкерлерге тийүү аёсуз жазаланышы керек. Укук үстөмдүк кылган, мыйзамды сыйлаган мамлекет курабыз, эгемендикти сактап калабыз десек мына ушудан баштоо зарыл, - деди.

Зомбулук менен коштолгон митингдерге каршы пикирин депутаттар Талантбек Узакбаев, Эсенгул Исаков да билдирди.

7-октябрда Караколдун борбордук аянтында Кумтөр боюнча чогулган митинг башаламандыкка айланып, өкмөттүн өкүлү барымтага алынган, 23 киши камалган. Бирок митингчилер Эмилбек Каптагаевди эч ким барымтага албаганын, ал бийлик тараптан жасалган провокация болгонун айтууда. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG