Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:29

Депутат Кутушев: Кыргыз-тажик өкмөттөрү ГЭСтер боюнча позициясын айтсын


Бул тууралуу парламент жыйында депутат Абдыманап Кутушев билдирди. Анын айтымында, Камбар-Ата-1 жана Рогун ГЭСтерин куруунун максатын кыргыз жана тажик өкмөтү эл аралык коомчулукка чогуу түшүндүрүүсү керек.

Депутаттын пикиринде, эки мамлекет мындай кадамга барбаса, дүйнөлүк коомчулук суу ылдый турган мамлекеттердин позициясын колдоп кетиши мүмкүн.

-Өзбекстандын тышкы иштер министри Камилов мырза 27-сентябрда БУУнун генералдык ассамблеясында Кыргызстан менен Тажикстан ГЭС куруу менен Арал деңизин соолутаарын айтты. Бул дүйнө пикирин бир багытка бурганга аракет. Эгер биздин өкмөт, ТИМ тажик кесиптештери менен координация кылып, ГЭС курганга кандай аргументтери барын айтып чыкпаса, башка мамлекеттер суу ылдый турган коңшулардын позициясына ыктап кетет. Тилекке каршы, БУУ жыйынына барган Кыргызстандын тышкы иштер министри эртеси трибунага чыгып, жарытылуу эч нерсе айта албады, - деди Кутушев.

Буга чейин август айында Тажикстандын борбор шаарында өткөн жыйында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев аймактагы өлкөлөрдү көп тараптуу диалогду баштоого, ал эми эл аралык уюмдарды тараптардын баарынын кызыкчылыгы эске алынган чечимдерди табууга көмөктөшүүгө үндөгөн. (ST/RK)

XS
SM
MD
LG