Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:06

УКМК: "Кумтөрдөн" үч миллион доллар дооланганы тастыкталды


Саруу айылынын эки тургуну "Кумтөр" ишканасынын топ-менеджеринен үч миллион доллар доолаганы тастыкталды. Атайын жүргүзүлгөн видеофонографиялык экспертизанын жыйынтыгы ушундай болуп чыкканын бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Августтун этегинде Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары Эрмек Курманов менен Бактияр Жунушбаев “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын өкүлү Дуглас Гриерден ири суммадагы акча талап кылды деген айып менен УКМКнын тергөө абагына камалган. Алар өзүлөрүн күнөөсүз деп эсептейт. Башаламандык уюштурган жана акча доолаган деген айып менен Курманов менен Жунушбаевге айып расмий түрдө тагылып, иш сотко өттү. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG