Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Өзбекстанда тажик поезди кырсыкка учурады


Өзбекстандын Жизак облусунун аймагында Тажикстандын Душанбе Канибадам каттамындагы жүргүнчү ташыган поезди кырсыкка учурады. Маалыматтарга караганда, поезд аңтарылып кетип, бери дегенде 57 киши жарадар болду. Набыт болгондор тууралуу азырынча маалымат жок. "Тажик темир жолдору" компаниясынын өкүлү “Азаттыкка” билдиргендей, алар окуя тууралуу кабардар болушту. Ал эми Өзбекстан ички иштер министрлигиндеги булактар биздин радионун өзбек кызматына поездде тажик армиясына жаңы алынган жаш уландар баратканын маалымдады. Жарадар болгондор жергиликтүү ооруканаларга жеткирилди.

Тажикстандын түндүгүндөгү Канибадам шаары (Согди облусу) менен өлкө борбору Душанбени байланыштырган темир жол Өзбекстандын айрым аймактарын аралап өтөт.

XS
SM
MD
LG