Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Ливиянын премьерин куралдуу топ кармап кетти


Ливиядагы мурдагы козголоңчулар премьер-министрди “камакка алышканын” билдиришти. Бүгүн эртең менен куралчан адамдар Али Зейданды Триполидеги майманканадан белгисиз жерге алып кетишкени кабарланган.

“Ливиялык ыңкылапчылардын оперативдүү штабы” премьер “прокурордун ордери боюнча кылмыштар жана мамлекетке, анын коопсуздугуна зыян алып келгендиги үчүн” камалганын билдирди. Зейдандын өкмөтү “Ал-Кайиданын” Ливиядагы ана башы деп шектелген Абу Анаса ал-Либини колго түшүрүүгө көмөктөшкөн, - деди топтун өкүлү. Ал-Либи ишембиде америкалык күчтөр тарабынан кармалган. Өкмөт премьер-министрди камоо боюнча ордер тууралуу кабары жоктугун айтууда.

Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери Ливия жетекчилиги куралдуу топторду оздуктоого аракеттинип келатат.

XS
SM
MD
LG