Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Сахаров сыйлыгы Малала Юсуфзайга ыйгарылды


Европа парламентинин Сахаров сыйлыгы пакистандык өспүрүм, 16 жаштагы Малала Юсуфзайга ыйгарылды. Кыздардын билим алуу укугу үчүн күрөшкөн Малала былтыр октябрда талиптердин огунан башынан жарадар болгон.

Өз өлкөсүндө дарылангандан кийин татаал операция жасатыш үчүн Англияга жөнөп кеткен Малала ушул мартта Бирмингемдеги мектепте окуй баштады. Анын "Талибан" учурундагы кыйын жашоо жана кыздардын билим алуусу тууралуу ой-жүгүртүүлөрү камтылган күндөлүгүн БиБиСи чыгарып келген.

50 миң евролук сыйлык жыл сайын адам укуктары жана эркиндиктери үчүн күрөшкөн активисттерге берилет.

XS
SM
MD
LG