Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

Оор жүк ташуучулар митингге чыкты


Бүгүн Бишкекте оор жүк ташуучу унаа айдоочуларынын атынан келгендер пикетке чыкты. Алар чоң трассаларда орнотулган атайын тараза кызматкерлери ашыкча жүк алып бараткан кытайлык унаалардан 2000-3000 сомдон пара алып өткөрүп жиберип жатканына нааразы экенин айтууда. "Торугарт" бирикмесинин жетекчиси Абдыкасымовдун "Азаттыкка" айтымында, бул жаатта коррупция күчөп жатат.

Ал эми Транспорт жана коммуникация министрлигинен кабарлашкандай, таразага тартуу жайларында видеокамералар орнотулгандыктан, ал жерден пара алууга мүмкүн эмес. Бул мекеменин маалымат кызматынын пикиринде, бүгүнкү акция кызмат талашкандардын атайын уюштурган иши болушу ыктымал. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG