Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

НАТОнун баш катчысы Карзайдын билдирүүсүн сындады


НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Ооганстандын президенти Хамид Карзайдын билдирүүсүн четке какты. Апта башында БиБиСиге курган маегинде ал НАТО Ооганстанда стабилдүүлүк орното алган жок, альянс баштаган эл аралык күчтөр бир топ азап чегүүлөрдү алып келип, бирок чоң максаттарга жете алган жок деп сындаган.

Бүгүн Брюсселде өткөн пресс-конференцияда Расмуссен эл аралык контингент 10 жыл ичинде “олуттуу прогресске жетишкен жана аны танууга болбойт” деди.

Ушул тапта Кабул өкмөтү менен Вашингтон стратегиялык кызматташтык келишимин талкуулап жатышат. Анда америкалык аскерлердин 2014-жылдан кийинки ролу такталмакчы. Чет өлкөлүк аскерлер Ооганстандан эмки жылдын аягына чейин чыгып кетүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG