Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Ливиянын премьер-министри бошотулду


Ливиянын мамлекеттик кабар агенттиги премьер-министр Али Зейдан бошотулганын билдирди. Бирок ал кандай жагдайда коё берилгени тууралуу маалыматтар азырынча жок.

Бүгүн эртең менен мурдагы козголоңчулар Зейданды Триполидеги майманканадан белгисиз жерге алып кетишкени кабарланган.

“Ливиялык ыңкылапчылардын оперативдүү штабы” премьер “прокурордун ордери боюнча кылмыштар жана мамлекетке, анын коопсуздугуна зыян алып келгендиги үчүн” камалганын билдирген.

"Зейдандын өкмөтү “ал-Каиданын” Ливиядагы ана башы деп шектелген Абу Анаса ал-Либини колго түшүрүүгө көмөктөшкөн" деди топтун өкүлү. Ал-Либи ишембиде америкалык күчтөр тарабынан кармалган. Өкмөт премьер-министрди камоо боюнча ордер тууралуу кабары жоктугун айтууда. Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери Ливия жетекчилиги куралдуу топторду оздуктоого аракеттенип келатат.

XS
SM
MD
LG