Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:14

Бишкекке жылуулук ноябрдын башында берилет


Бишкек шаарына жылуулук орто эсеп менен алганда 1-ноябрда берилет. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын жетекчиси Мирбек Батаканов билдирди:

- Жылуулук сезону качан башталаарын мен так айта албайм. Бирок соңку 10-15 жылдан бери орто эсеп менен 1-ноябрда баштап келатабыз. Быйыл балким 1-2 күн эрте же кеч болушу ыктымал.

Мирбек Батакановдун айтымында, борбордук системага туташкан түтүктөр жылуулук берүүгө даяр. Адегенде жылуулук мектеп, бала бакча, оорукана, төрөт үйлөрүнө жана башка социалдык мекемелерге берилет. Андан кийин турак үйлөргө жана ишканаларга өткөрүлөт. Былтыр жылуулук 1-ноябрдан тарта бериле баштаган болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG