Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

Байкоочулар Азербайжандагы шайлоого эки башка баа беришти


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Азербайжандагы президенттик шайлоо “олуттуу проблемалар” менен коштолгонун билдирди.

- Азербайжанда 9-октябрда болгон президенттик шайлоого, маалымат каражаттары кабарлагандай, өз оюн эркин билдирүүгө, эркин чогулууга түзүлгөн тоскоолдуктар көлөкө түшүрдү. Бул - талапкерлерге бирдей шарт камсыздалбаганына алып келди. Шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө айрым талапкерлерди айыптоо, добуш берүүчүлөрдү коркутуп-үрктүүлөргө жол берилген, - деди уюмдун байкоочулар миссиясынын жетекчиси Мишел Вуазең.

Бакуда өткөн пресс-конференцияда уюмдун өкүлдөрү шайлоо процессинин бардык тепкичтеринде кемчиликтер байкалганын ортого салып, өлкө бийлиги ЕККУ алдында алган милдеттенмелерин аткаруу үчүн ошол проблемаларга көңүл бурууга тийиш деп белгилешти.

Ал эми Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы жана Европарламент жиберген байкоочулар сөз эркиндиги чектелгенине карабай, өнөктүк ачык-айкын, демократиялык мүнөздө өткөнүн билдиришти.

Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдаганына караганда, мамлекет башчы Илхам Алиев азырынча добуштардын 85 процентиндейин алды. Ушул тапта бюллетендердин дээрлик 80 проценти саналып бүттү. Оппозициянын бирдиктүү талапкери Жамил Хасанлы добуштардын 5 проценти менен экинчи орунда баратат. Хасанлы бийликти бурмалоолор үчүн айыптап, бул “элдин шайлоо укугун одоно бузуу” болуп саналаарын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG