Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

Кумтөр меморандумун кароо кийинкиге калды


Көпчүлүк депутаттардын добушу менен Кумтөр боюнча меморандумду кароо кийинки жумаларга жылды. Бул убакытка чейин алар Кумтөр боюнча токтом долбоорун кайра иштеп чыгышмакчы.

14-октябрдан баштап парламент депутаттары жер-жердеги шайлоочулары менен жолугууга кетери маалым болду. Алар аймактарда 20-октябрга чейин болушат.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча меморандум экинчи күн катары менен талкууланды. Жыйында депутаттардын бир даары Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшү 67% болууга тийиш деген позицияны карманып, 2009-жылкы Кумтөр келишимин денонсациялоо талабын коюшту. Өкмөт парламентке сунушталган меморандумда үлүштөр теңме-тең (50/50) болору көрсөтүлгөн. (ST)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG