Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:34

Бүгүн секелек кыздардын эл аралык күнү


Буга байланыштуу Балдарды коргоо борбору 11-октябрдан 17-октябрга чейин атайын жумалык жарыялоодо. Анда секелек кыздардын укугу, гендердик теңчилик тууралуу тренингдер, репродуктивдүү ден соолук боюнча атайын сабактар өткөрүлүп, “Кана эмесе, кыздар” “Менин укугум жана мүмкүнчүлүктөрүм” аттуу оюн-зооктор уюштурулмакчы. Иш-чаралар Бишкектеги Келечек жаңы конушунда орун алган №87 орто мектепте бүгүн башталып, өлкөнүн башка аймактарында да уланат.

Секелек кыздардын эл аралык күнү алгачкы жолу 2012-жылы белгиленген. Бул күн БУУ тарабынан көп өлкөлөрдөгү көйгөй – кыздарды эрте турмушка берүү маселесине арналып бекитилген.

Кыргызстанда жашы жете элек кыздардын боюнан алдыруу, эртелеп эне болуу, төрөгөн балдарынан баш тартуу жана өз жанын кыйган учурлары көп экени айтылып келет. Расмий маалыматтар боюнча, жыл сайын Кыргызстанда 12-17 жаштагы секелек кыздар боюнан алдырган учур 1,5 миңге чукулдап барат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG