Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:03

Нарында хизбутчу делгендер соттолду


Нарын шаардык соту Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" уюмунун жергиликтүү лидерлери делген эки кишини соттоду. Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, 44 жана 39 жаштагы эки жаранды атайын кызмат өкүлдөрү быйыл июн айында жергиликтүү тургундарды өз катарына үгүттөп жаткан кезде кармаган. Тинтүү учурунда алардан экстремисттик мазмундагы китепчелер жана дисктер табылган. Ден соолукка атайылап залака келтирүү, дин, раса жана улут аралык кастыкты козутуу, экстремисттик адабиятты жайылтуу деген беренелердин негизинде кылмыш иш козголгон. Соттолгондордун бирөө жазасын 6 жыл күчөтүлгөн тартиптеги абакта, экинчиси 8 жыл жатак-абакта өтөмөй болду. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG