Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы химиялык куралга каршы күрөшүүчүгө берилди


Нобель атындагы Тынчтык сыйлыгы Химиялык куралдарга тыйуу салуу уюмуна ыйгарылды. Бириккен улуттар уюму колдогон уюм ушул тапта Сириядагы химиялык куралдарды жана массалык кыргын салчу куралдарды жасоочу жабдууларды жок кылуунун жүрүшүн көзөмөлдөөдө.

Норвегиянын Нобель комитетинин төрагасы Торбьорн Ягланд сыйлык уюмга химиялык куралдарды чектөөдөгү аракеттери үчүн берилгенин айтты.

Баш кеңсеси Нидерландиянын Гаага шаарында жайгашкан уюм 1997-жылы 29-апрелде БУУнун колдоосу менен түзүлгөн. Вазийпасы - Химиялык куралдарды тыйуу жөнүндөгү эл аралык конвенциянын аткарылышын көзөмөлдөө.

Орусия-АКШ ортосунда сентябрда жетишилген макулдашууга ылайык, Сириянын химиялык куралдары 2014-жылдын ортосуна чейин жок кылыныш керек. Лауреаттык диплом жана 1, 2 млн. доллар жеңүүчүгө 10-декабрда Ослодо тапшырылат.

XS
SM
MD
LG