Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:07
Саруу айылында митингчилер боз үй тикти. Кабарчыбыздын айтымында, азыр элүүдөй киши чогулуп турат. Дагы үч боз үй тургузулуп, ачкачылык акциясы башталышы мүмкүн экени айтылууда. Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун катышуусу менен ага чейин өткөн жыйынга жүздөй киши катышкан. Жети мүчөдөн турган комитет түзүлүп, Караколго бийлик өкүлдөрү менен жолугууга жөнөп кетишти. Алар соңку нааразылык акцияларына байланыштуу камалгандардын бошотулушун талап кылмакчы. 7-октябрда Караколдон Бишкекке алынып келинген 18 митингчинин 8и бүгүн бошонуп чыкты, калганы эки айга камалды. (MK/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG