Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:16

БУУ Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн мандатын узартты


БУУнун Коопсуздук кеңеши НАТО башындагы көп улуттуу күчтөрдүн Ооганстандагы мандатын 2014-жылдын соңуна чейин бир добуштан узартты.

АКШ жана союздаштары 2014-жылдын аягына чейин Ооганстандан согуштук күчтөрүн чыгарып, коопсуздукту камсыздоону толугу менен Ооган армиясына өткөрүп берүүнү мерчемдеп жатат.

Коопсуздук кеңеши 10-октябрда кабыл алган резолюцияда Ооганстандагы кырдаал “дале эл аралык тынчтыкка жана стабилдүүлүккө коркунуч туудурганы” көрсөтүлөт. Ошондой эле резолюция “Ооган өкмөтүн коррупцияга каршы күрөштү жана жоопкерчиликти дагы күчөтүүгө, айкындыкты кеңири жайылтууга” чакырат. Азыр Ооганстанда НАТО жетектеген 87 миң аскер бар. Анын 60 миңи АКШга таандык.

XS
SM
MD
LG