Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы быйыл өзүнүн 20 жылдыгын белгилөөдө. Бул датага карата келерки аптада бир катар маданий иш-чара өтмөкчү. Алсак, 16-19-октябрда Орусиянын Эл артисти, белгилүү пианист Дмитрий Башкировдун ачык мастер-класстары уюштурулат. Ал эми 17-октябрда Азербайжан, Казактсан, Кыргызстан, Тажикстан, Татарстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген композиторлордун чыгармаларынан турган чоң концерт өтөт. (RK)