Кыргызстандагы кийим тигүүчү цехтер өндүргөн продукцияга болгон суроо талап азайды. Ошого байланыштуу бул тармактагы өндүрүштүн көлөмү дээрлик 12 пайыз төмөндөп кетти. Бул тууралуу бүгүн Экономика министрлигинен кабарлашты. Тигилген кийим негизинен Орусияга сатылат. Бирок, министрликтин маалыматында, соңку мезгилде ал жактан суроо-талап азайып кеткени байкалууда. (RK)