Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

АКШнын аскерлери талиптердин лидерлеринин бирин колго түшүрүштү


Вашингтондо Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мари Харф “Техрик-и-Талибан Пакистан” тобунун анабашчыларынын бири Талиф Мехсуд атайын операцияда кармалганын айтты.

"Мехсуд аталган уюмдагы башчылардын бири жана топтун лидери Хакимулла Мехсуддун ишенимдүү адамдарынан болот, - деди Мамдепартаменттин өкүлү. - “Техрик-и-Талибан Пакистан” Нью-Йорктогу “Таймс-скверди” 2010-жылы жардырууга аракет кылганын мойнуна алганынан кабарыңыздар болсо керек. Бул эле эмес, алар Пакистанда биздин дипломаттарга чабуулдарды жасап, ал өлкөдө далай жайкын тургундарды өлтүрүшкөн".

Харв бирок Талиф Мехсуд кандай жагдайда, качан кармалганын айткан жок. Айрым маалыматтарга караганда, аны жакында Ооганстандан кармашкан.

XS
SM
MD
LG