Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Чуулгандуу китепчелерди таркатуу фактысын прокуратура текшерет


Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети “Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянстын” жыныстык мамиледеги маданият тууралуу китепчелерин таркатуу фактысын текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшырды.

Комитеттин кезексиз жыйынында өкмөткө жана Бишкек мэриясына аталган китепчелерди таратууга жол берген кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо, Билим берүү жана илим министрлигине китепченин мазмуну тууралуу комиссия түзүү маселесин кароо тапшырмасы берилди.

Бүгүнкү жыйында комитет депутаттарынын басымдуусу басылманы “жыныстык катнашка үндөгөн китепче” деп аташты.

Бейөкмөт уюмунун жетекчиси Галина Чиркина китепчелер өспүрүмдөрдүн сексуалдык тарбия алуусуна, бойго бүтүүдөн сактануусуна, ар кандай ооруларды жуктурбоосуна гана жардамчы болорун билдирди.

Ушул жылдын сентябрында “Эркин эл”, “Амал”, “Мурас” партиялары, “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борбору бул маселени кароо сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылган. Уюмдар брошюралардын мазмуну улуттук менталитетке, динге туура келбегенин, өспүрүмдөрдү жыныстык катнашка үндөй турганын жана китепчелер мыйзамсыз, көзөмөлсүз чыгарылганын жана таратылганын билдиришкен. (AKu)

XS
SM
MD
LG