Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Равшан Жээнбеков Сарууга барды


Боз үй тигилип, каршылык акциясы уюштурулуп жаткан Жети-Өгүз районунун Саруу айылына Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков барды. Ал митингге чыккандар менен сүйлөшүп, алардын мүдөөсүн угуп жатат. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди.

Ушул тапта айыл өкмөттүн имаратынын алдында тигилген үч боз үйдүн тегерегинде 100дөй киши чогулду.

Аймакта уланып жаткан каршылык акциялары 7-октябрда Каракол шаарында башталган.

Митингчилер Кумтөр боюнча кыргыз өкмөтү менен канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясынын меморандумуна каршылыгын билдирип, камалгандарды бошотууну талап кылышууда. Башаламандык менен коштолгон митингден кийин бир нече киши кармалып, ону эки айга камалды. (MK/AKu)

XS
SM
MD
LG